ӨКМ: Чүй жана Бишкек шаарынын аймагында күтүлгөн катуу шамал болгон жок

Бүгүн, 13-июнда Кыргызгидрометтен билдиришкендей, кечки саат 19:00-19:30дар чамасында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында секундасына 15-20 метр ылдамдыктагы катуу шамал жүрүп, жамгыр жаашы күтүлөрүн билдирген.
Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы шаар жашоочуларын кооптонбоого чакырып, катуу шамал жүрө турган учур өтүп кеткендигин билдирди.
Бишкек шаарында учурда абанын температурасы +26 °C
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 метрге чейин жетүүдө.
Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Кичине кызымды темтендете койдуго, байкушум коздору аландап калды.Свет болсо очту.
Боодо кырсыктан, апааттардан сактасын жараткан Алла.