super.kg logo

АКШ жана Австралиядан 4000 уй Катарга "учат". Уйларды аба каттамы аркылуу ташуу үчүн 60 рейс жасалмакчы

 

Катардын Мутаз аль-Хайят аттуу жеке ишкери өлкөсүнө аба жолу аркылуу 4000 уйду алып бармакчы. Аль-Хайят уйларды АКШ жана Австралиядан алып кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай жол менен ал өлкөсүн өздөрүнөн өндүрүлүп чыккан сүт азыктары менен камсыздамакчы. Учурда Катарды террордук топторду каржылайт деп санап, бир нече Араб өлкөлөрү жана аны менен алакадагы өлкөлөр дипломатиялык мамилелерин үзүшкөн. Ошол себептен Катарга сырттан кирген азык-түлүктөр токтотулуп, өлкө ичинде тартыштык пайда болууда.

Уйларды учак менен жеткирүү үчүн Qatar Airways авиакомпаниясы 60 жолу каттам жасамакчы. Ар бир уйдун салмагы 590 килограммды чамалайт. Алгач бизнесмен уйларды деңиз аркылуу алып өтүүнү пландаган. Бирок учак менен ташууну тандап, убакытты үнөмдөмөкчү.

Мутаз аль-Хайят учуп келе турган уйлар үчүн жай дайындап, учурда айыл чарба иштери, тоют маселеси менен алек. Анын фермасы Катардын борбор шаары Дохадан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Сүт азыктарынан тышкары эт менен да камсыздоо аракетин көрүп, фермасын кой багууга да ылайыкташтырууда. Ишкер сүттү туруктуу өндүрүп баштаган маал июнь айынын аягына туура келерин айтат. Ал июль айынын ортосунда Катар өлкөсүндөгү соода-сатык рыногунун 3төн 1 бөлүгүн өз фермасында өндүрүлгөн сүт азыктары менен камсыздап каларына ишенип жатат.

Эске салсак, 5-июнда Сауд Арабиясы, Египет, Бахрейн, БАЭ жана Йемен өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык алакаларын үзгөн. Кийинчерээк бул бойкотко Ливия, Мальдив аралдары, Маврикий, Мавритания, Комор аралдарынын бирикмеси кошулушкан. Сауд Арабиясы Катар менен мамилени үзгөн соң Катардын соода-сатык рыногунда тартыштык пайда болгону сезилген. Дал ушул көйгөйлөрдү алдын алуунун жолун жарандары жана бийлик тынбай издешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
14.06.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-32
Эшек бутуп уйга кезек келген турбайбы. Кийинки кезек кимде экен??
14.06.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
rysik79,чочкодо болушу мүмкүн
14.06.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы экен ошондо бир рейсте 66 уй болсо почти 40 тонна жук келет экенда,булар ал жердин абасына уйронуп кетсе экен
14.06.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уйларды алып келгени жақшы бироқ қошуна өлкөлөр менен андай мамиле болсо баары бир жырғап кетпейт
14.06.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
srazu momentten paidalanyptyr da, molodets
14.06.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Тынардын да 120 букасы бар баары чоон парода ошолорду да алып кетсенер болот.
14.06.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Yktyjar,Алардан кессен да кан чыкпайт
15.06.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat.97,аларды саасан сут дагы чыкпайт, сойсон ичтеринен ирин чыгат!
14.06.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйлар аба ылгабай жакшы жайгашып алышса экен.
14.06.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Катар бай мамлекет мындай бойкотту тоготпосо керек
14.06.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жогоруда эшек дегендер тоо десе бээ дегендерго. При чём здесь эшек?
14.06.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизден алып кетпейби келип
14.06.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Awpoz4u,суттун баасы кымбаттап кетпейби анда бизде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: