super.kg logo

Сингапурдагы эл аралык аэропорт дүйнөдөгү эӊ мыкты аэропорт аталды

 
Сингапурдагы Чанги эл аралык аэропорту
Мюнхен эл аралык аэропорту
Гонконг эл аралык аэропорту

Сингапурдагы Чанги эл аралык аэропорту "AirHelp" компаниясы жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде дүйнөдөгү эӊ мыкты аэропорт аталды. "76 аэропорттун ичинен Мюнхен эл аралык аэропорту 2-орунду ээлесе, 3-орунду Гонконг алды", - деп айтылат компаниянын маалыматында.

Жогоруда айтылган 3 аэропорт теӊ көрсөткөн кызматтары үчүн белгиленген 10 баллдан 10 балл алышкан. Ошондой эле аларды баалоодо рейстерди убагында жөнөтүү жана жана кабыл алуу, аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн социалдык тармактагы 130 миӊден ашуун билдирүүлөрүнө анализ жасалган.

Алдынкы ондукка Копенгаген (Дания), Хельсинки (Финляндия), Цинциннати (АКШ, Огайо штаты), Барселона, Мадрид (Испания), Окленд (Жаӊы Зеландия) жана Франкфурт (Германия) аэропорттору кирген.

Изилдөөдө жүргүнчүлөр көбүнчө аэропортто көпкө кезекке туруу, тамак-аштын сапатынын төмөндүгү жана рейстердин кечигүүсүнө нааразы болору аныкталган.

Ал эми Москвадагы "Шереметьево" аэропорту тизмеде 23-орунду, "Домодедово" 65-орунду ээлеген. Ал эми Кыргыздагы "Манас" эл аралык аэропорту бул тизмеге кирген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
14.06.2017. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Красота. Манастын бул тизмеге кирүү үчүн дагы көп жыл бар.
14.06.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оштун аэропортундай эле экен.
14.06.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Домодедово кантип 65 алды мен бир жолу 5 саат кезекте турганмын списокто жок эле кылыш керек.
14.06.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond, ОЗУ 76 аэропорт ичинен 65 болтаткоо
Бирок аэропорт жаман бардак
14.06.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мюнхендики өзүнчөле шаарго.
14.06.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дамодедовага 76 ыыынныы эле бериш керек эледа
14.06.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштон Москвага учканда аябай тан калгам себеби элдер ар жактан келет да ,уйу алыс жакыны бар дегендей. Мисалы Баткен , Жалал-абад алыс ошко! мен иним экообуз алган билетте где то после обеда болчу рейс, бирок эч ким эч нерсе деген эмес ! Сурап эмнеге кечигип жатат десек кечинде учат деп коюшкан. Ошентип аэропортко Жалал-абадтан эрте менен барган болсок, эртеси куну обедте учтук(( бироо точно убакытты айтып койбогон , кыйналган эл эле болбосо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: