Брюс Линин мушташып жатканы сакталып калган жалгыз видеосу интернетке тарады

Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, белгилүү кунг-фу чебери Брюс Линин мушташып жатканы тартылып алынып, сакталып калган жалгыз даректүү видеосу интернетке тарады.
"Daily Mail" басылмасынын билдиргенине караганда, видео Брюс Ли негиздеген калифорниялык Жит Кун-До мектебинде тартылган. Анда Линин окуучуларынын бири Тэд Вонг менен болгон мушташы көрсөтүлгөн. Каршылаштар атайын коргоочу кийимдерди кийип алышкан. Видеого тиркелген жазууда аларга коргоочу кийимдер жок урушууга тыюу салынганы айтылат.
Белгилей кетсек, актёр, кинорежиссёр, продюсер жана сценарист Брюс Ли АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында 1940-жылы 27-ноябрда туулган. Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань ысымдары менен да таанымал.
Бала кезинен баштап фильмдерге тартылып, жалпысынан 36 тасмада роль жараткан. Батышка чыгыш мушташ өнөрүн тааныткан. Ал эми анын өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө 30га чукул фильм тартылган. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШда чыгыш мушташ өнөрүнүн жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фудан сырткары бокс жана дзюдо менен машыккан. "Жит Кун-до" деген аталыштагы кунг-фунун өзүнүн стилин чыгарган.
1973-жылы 20-июлда Брюс Ли баш оорунун дарысын ичип каза болгон. Врачтар "мээсинде шишик болгондуктан баш ооруну баса турган дары терс реакция берип өлгөн" деген тыянак чыгарышкан. Кийин Брюсту шаолинь монахтарынын сырларын башкаларга сатканы үчүн уу берип өлтүрүшкөнү айтылган.
Брюс Линин мушташып жатканы сакталып калган жалгыз видеосу тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
7

Комментарийлер(8)
RusMos76

14.06.2017. 11:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумир.
Seryi-Kardinal

14.06.2017. 11:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bawka ele biroo okwoit
voennyi88

Медиа-портал
14.06.2017. 12:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рамаатылык жакшы киши эле.
malikkkg

Медиа-портал
14.06.2017. 13:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
voennyi88, Ошо экоонун чогу жургонунорду кордум эле )))
Muslim_KGstana.

14.06.2017. 12:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун,дагы башка табышмактуу видеолорунан табылып калса сонун болмок
jbolotov

14.06.2017. 17:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
[moderated]дан карасан. Толтура
Momyn12

14.06.2017. 23:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызытпагылачы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.