super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин токтому: 15-октябрь - Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү

 

Жогорку Кеӊеш президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү дайындады. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда парламенттин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов баяндама жасады.

Жогорку Кеӊештин бул токтомунун долбооруна ылайык, өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилет. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талаптарына ылайык таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

Өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүшүндө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. Андан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине кол кабыш кылууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: