super.kg logo

Депутат "энергетиктер айылдарга караганда шаарларга көбүрөөк көңүл буруп жатышат" деп нааразы

 

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов айыл жерлеринде электр чубалгыларын жана трансформаторлорду жаңылоо зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

“Алынган насыяга шаарларга “акылдуу эсептегичтер” орнотулат, электр чубалгылары жана трансформаторлор жаңыланат" деп айтып жатасыздар. Эмне үчүн айыл жерлерине көңүл бурулбай келет? Ал жакта трансформаторлор жетишсиз, карагайлар чирип калган. “Акылдуу эсептегич” орноткончо айылга шарт түзүп бербейсиңерби?” - деп Улуттук энергетикалык холдингдин өкүлүнө кайрылды депутат.

Энергетикалык холдингдин өкүлү долбоорлорду дыкаттык менен карап чыгышкандарын айтты.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну жана “Ош электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо” долбоору боюнча гранттык макулдашуу каралды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн аталган банк тарабынан 4 миллион евро көлөмүндө 1 пайыз үстөгү менен насыялык каражат жана 1 миллион евро гранттык каражат жана 850 миӊ евро гранттын негизинде техникалык жардам берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: