super.kg logo

Бишкекте "Таза Коом" долбоорунун алкагында эксперттер жана өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуу болду

 

Бишкекте бүгүн, 14-июнда "Санариптик экономиканын өнүгүүсү. Жаңы технологиялык түзүмгө өтүү" аталышындагы тегерек стол өттү. Иш-чара президенттик аппарат, "Евразиялыктар - жаңы толкун" фонду, Кыргыз эл аралык университети тарабынан уюштурулду.

Анда ЕАЭБдин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолун табуу тууралуу талкуу жүрдү. Ошондой эле иш-чарада өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана коомдук ишмерлер дүйнөдөгү жаңы технологиялар, аны Кыргыз жергесинде колдонуу, экономикалык санариптин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу докладдарды жасашты.

Жыйынга катышып жаткан Кыргыз эл аралык университетинин проректору Аяз Баетов бул долбоорго жаштарды тартуу керектигин билдирди.

"Бул долбоорго жаштардын кызыкчылыгы күчтүү болуусу керек деп ойлойм. Анткени санариптик коом, интернет, жаны технология - бул жаштардын доору", - дейт Баетов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: