Кыргыз өлкөсүндө "Эмгек сиңирген ата" наамы ыйгарылып башташы мүмкүн

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина "Эмгек сиңирген ата" наамын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат энелер үчүн наам бар, ал эми аталар үчүн жок экенин белгилеп, "ата макамын көтөрүү үчүн ушундай наам берүү керек" деген оюн айтты. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова бул сунушту карап көрүү керек экенин билдирди.
Айта кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Анда жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берүү сунушталууда. Ошондой эле долбоорго ылайык, 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилмекчи.




1 |