УКМК: "Кыргыз жеринде террордук акт жасоону пландаган адам кармалды"

Кыргыз жеринде эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 14-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз мамлекетинин аймагында террордук акт жасоо үчүн жөнөтүлгөн Сириядагы террордук уюмдардын мүчөлөрүн кармоо иш-аракеттери болгон. Анын натыйжасында эл аралык террордук уюмдардын көрсөтмөсү менен Кыргыз жеринде террордук уюм түзүүнү көздөгөн деп Я.У. аттуу жаран кармалды.
Анын 2014-жылдан баштап Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандыгы аныкталган. Факты боюнча "жалданмачылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган адам тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Террор дегенде эле билинип калат.