Дастан Бекешев уруксаты жок иш бөлмөлөрүн оңдоп-түзөгөнү үчүн депутаттарга кандай чара көрүлө турганын сурап, жооп ала албады
"Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын бир топ депутаттары уруксаты жок эле Жогорку Кеңештеги иш бөлмөлөрүн оңдоп-түзөгөнү үчүн аларга кандай чаралар көрүлөт?" - деп бүгүн, 14-июнда парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев сурады.
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкулов бүгүн аталган маселе боюнча отчёт бербей турганын айтып, жыйында парламенттин имаратында жайгашкан уюмдар жөнүндө сөз болуп жатканы менен түшүндүрдү. Спикер Чыныбай Турсунбеков бул маселе боюнча комиссия түзүлгөнүн эскертти.
Андан соң Бекешев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус куруу керек экенин айтты. Ал 2011-жылы пандустар туура эмес курулуп калганына нааразычылыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.