super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абдылдаев Ак Үйгө эки мамлекеттик желекти илип коюуну сунуштады

 

"Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев Бишкектеги Жогорку Кеңештин имаратына Кыргыз мамлекетинин эки желегин илип коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда парламент жыйынында билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкуловдон парламенттин чатырында илинип турган Кыргыз мамлекетинин желеги кимге таандык экенин сурады. Кожомкулов бул желек Жогорку Кеңешке таандык экенин айтты. Депутат: "Президент отурган имаратта желек жок экен да. Эмне үчүн президент отурган жерде Кыргыз мамлекетинин желеги желбиребей турат? Саясий ката кетирип жатасыңар. Иш башкармалыгынын жетекчиси желек боюнча жооп бериши керек", - деди депутат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев эки мамлекеттик орган бир имаратта жайгашкандыктан бир эле желек илинип турганын билдирди.

Эл өкүлү Ак Үйдүн күн чыгыш жана күн батыш жагына эки желек илип коюу керек экенин айтты.

Жыйында парламенттин администрациялык имаратына жайгаштырылган ишканалардын иши жөнүндө Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын отчёт угулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: