super.kg logo
  Саясат  

"Ахматбек Келдибековдун ишин Жогорку Сот мыйзам бузуу менен кечиктирип караган" дейт экс-спикердин жардамчысы

 

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун ишин Жогорку Сот мыйзамда көрсөтүлгөн 1 ай мөөнөттөн кечиктирип, 3 айдан кийин караган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Келдибековдун жардамчысы Шаирбек Маматокторов билдирди.

"Жогорку Сот өзү бузган мыйзамдын курмандыгы эмне үчүн Ахматбек Келдибеков болуш керек? Ал эми азыр болсо, шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жарыясы боло электе эле, жосунсуз маалыматты таратып жатышат", - дейт Маматокторов.

Айта кетсек, Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюларын Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришкен. Маалым болгондой, 2016-жылы 8-ноябрда сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду толугу менен төлөп бүткөн. Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда соттолгон деген статусу жоюлат.

Ахматбек Келдибеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот чечимине ылайык, ал мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген. Быйыл 26-майда Келдибековду президенттик шайлоого аттанат деген маалымат тараган. Бирок шайлоо 15-октябрда өткөнү жатат. "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, соттолгон деген статусу алынып салынбаган жарандар президенттик жана парламенттик шайлоого катыша алышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: