super.kg logo

2013-жылдын “Эң мыкты тасмасы” - “Ханбийке Назик”

 
Фестиваль башталардан мурда иш-чаранын катышуучулары катарга тизилип, сүрөткө түшүштү
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын негиздөөчүсү - Садык Шер-Нияз
Фестивалдын катышуучулары кызыл килемден өтүштү
Фестивалдын алпаруучулары
Режиссёр Геннадий Базаров кызыл килем үстүндө
"Президент жана бомж" тасмасынын жаратуучулары
Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев менен улуу жазуучу Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова кызыл килемден өтүшүүдө
Катарга тизилген эл фестивалдын катышуучуларын дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алып жатты
Катарга тизилген эл фестивалдын катышуучуларын дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алып жатты
Актриса Марал Койчукараева иш-чаранын эң сулуусу болду көрүнөт
Ырчы Каныкей менен актриса Марал эстеликке сүрөткө түшүштү
Ассоль Молдакматова, ырчы Чолпонай, актриса Элина Абай кызы жана башкалар
Фестивалдын катышуучулары атайын тактайга эстеликке кол тамга коюшту
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын экинчи фестивалы башталды
"Мезгил жана Алыкул" тасмасынан үзүндү
Каныкей режиссёр Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасына саундтрек катары жазган ырын аткарууда
Сыйлыктар тапшырылууда
Сыйлыктар тапшырылууда
"Мезгил жана Алыкул" тасмасынан үзүндү
Эң көп сыйлык чогулткан “Ханбийке Назик” көркөм тасмасы
Геннадий Базаровдун сыйлыгын тапшыруудан мурда ал тууралуу тартылган кыса метраждуу тасма көрсөтүлдү
Геннадий Базаров ыраазычылыгын билдирүүдө
Геннадий Базаровдун сыйлыгы тапшырылып жатканда залда отурган эл тура калып кол чабышты

15-майда Бишкекте "Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгынын экинчи фестивалы өтүп, анда режиссёр Эркин Салиевдин “Ханбийке Назик” тасмасы - “Эң мыкты тасма” наамын жеңип алды. Фестивалдын ачылышында кыргыз кинематографиясына салым кошкон бир топ маданий ишмерлер кызыл килемден өтүшүп, “Манас” кинотеатрынын чоң залына чогулушту. Сыйлыктарды тапшыруу аземин актёр Азиз Мурадиллаев менен ырчы Чолпонай ачышты. Айта кетсек, “Эң мыкты тасма” наамы үчүн толук метраждуу тасмалардан “Сулуулар жана миллион”, “Мезгил жана Алыкул”, “Ханбийке Назик”, “Президент жана бомж”, “Ээнсиреген үй” тасмалары ат салышты. Ал эми кыскаметраждуу тасмалардын ичинен “Жымжырт”, “Майдан” жана “Чайка” тасмасы күч сынашса, даректүү тасмалардын ичинен “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?”, “Таштанбек” жана “Туткун” тасмалары калыстардын сынынан өтүштү. Фестивалда мындан башка да бир топ наамдар ээлерин тапты. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр төмөнкүлөр болду:

“Эң мыкты көрүмдүү тасма жана продюсер” – “Президент жана бомж” тасмасынын режиссёру Ырыс Окенова менен продюсер Өмүрзак Төлөбеков

“Эң мыкты монтажчы” – "Мезгил жана Алыкул" тасмасын монтаждаган Элдияр Мадакимов

“Эң мыкты үн режиссёру” – “Мезгил жана Алыкул” тасмасынын үн режиссёру Али Ахмадеев

“Эң мыкты көркөм сүрөтчү” – “Ханбийке Назик” тасмасынын көркөм сүрөтчүлөрү Эркин Салиев менен Азамат Мамбетов

“Эң мыкты сценарист” – “Ханбийке Назик” тасмасынын сценарийин жазган Эркин Салиев,

“Эң мыкты аял затынын ролу” – “Ханбийке Назик” тасмасынын башкы каарманы Айдай Салиева

“Эң мыкты эркектин ролу” – “Мезгил жана Алыкул” тасмасынын башкы каарманы Чыңгыз Мамаев

“Эң мыкты оператор” – “Ханбийке Назик” тасмасынын оператору Хасан Кыдыралиев

“Эң мыкты режиссёр” – “Ханбийке Назик” тасмасынын режиссёру Эркин Салиев

“Эң мыкты даректүү тасма” – режиссёр Абдуалим Мамадалиевдин “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” тасмасы

“Эң мыкты кыска метраждуу тасма” – режиссёр Наргиза Маматкулованын "Жымжырт" тасмасы

"Эң мыкты тасма" – режиссёр Эркин Салиевдин “Ханбийке Назик” тасмасы.

Жеңүүчүлөр "Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгынын статуэткасы менен сыйланышты.

Ошондой эле “Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн” режиссёр Геннадий Базаров сыйланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.05.2013. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wow,сонун болгон го э?
16.05.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина көйнөгүн өзү эле тигип алган го
16.05.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хан бийке Назикти эми кайдан көрөт экенбиз
16.05.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болгон го,азаматтар...
21.05.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kinoshnik
Саламатсызбы!
Гезитке чыгып жаткан ар маалымат такталып жазылат. Бул ирет да ошол кабарды гезитке берген кабарчы өзү күбө болуп келип, андан соң жазган. Бирок, тилекке каршы, тех. ката кетип калган. Катачылыкты жазганыңыз үчүн рахмат, эгер кандайдыр бир сын-пикириңиз болсо info@super.kg" же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүшүңүздү сунуштайм.
Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2013 12:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: