Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы мурда Түлеевдин жакындарына таандык болгон "Сапат-центрге" көчүп келди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы мурда Нариман Түлеевдин жакындарына таандык болгон "Сапат-центр" бизнес борборуна көчүп келди. Мындай маалыматты 14-июнда SUPER.KG'ге аталган кызматтын аппаратынан тастыкташты. Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын борбордук аппараты менен Бишкек шаарындагы бөлүмү бул жайда эки айдан бери иш алып барууда.
Бул мекеме Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Тюлеевдин үй-бүлөсүнө таандык болуп, бирок 2013-жылдын 29-июлунан баштап Ленин райондук сотунун чечими менен мамлекеттин карамагына өткөн. 2017-жылдын 21-апрелинде "Сапат-центрди" 200гө жакын милиция кызматкери курчап, имарат мамлекетке өткөнүн айтып анда отурган ижарачыларды ичкери киргизбей коюшкан.
Ал эми 2017-жылдын 25-апрелинде да Нариман Түлеевдин жакындарына таандык "Караван" соода борбору Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылкы чечимине, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылкы, Жогорку Соттун 2015-жылкы токтомуна ылайык мамлекеттин карамагына өткөнү белгилүү болгон.
Түлеев 2008-жылы Бишкектин экс-мэри болуп турганда "Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган болчу. 4 жыл абакта отуруп, өткөн жылдын май айында эркиндикке чыккан.



1 |