Базар-Коргон районунда аял аттан кулап сууга агып кетти

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда атчан аял сууга агып кетип, изделип жаткандыгын ӨКМынын маалымат кызматы кабарлады.
"2017-жылдын 13-июнь күнү саат 09:00 чамасында Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Көсө-Терек айылындагы Жинди-Суу жана Күрөбөз суусу бириккен жерге 46 жаштагы аял аттан жыгылып агып кеткен. Сууга агып дайынсыз болуп жаткан аял Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну экендиги аныкталды. Ал суунун жээгинде минип келаткан аты үркүп, сууга кулагандыгы айтылууда. Учурда издөө иштерине Кызыл-Үңкүрдөн 10 адам тартылган", - деп маалымдайт катчылык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Боодо кырсык коп болуп жатат.
Байкуш эже кор тирилик деп атчан жайлоого аттангандыр эледа.
Табылып калсын эми...(((((((