СУПЕРСТАН: "Эки аял алууга депутат, министр, байлардын эле чама-чаркы келбесе, карапайым элде бир аялды бактылуу кылуу оор"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Каршымын. Эки аял алуу - бул баш оору. Эркектердин кулагын жеп тез эле өлтүрүп алабыз. Эки аял чатакташып, аны көргөн балдарыбыз кандай тарбия алышат? Болбойт".
"Азыр 2 аял алууга депутат, министр, байлардын эле чама-чаркы келбесе, карапайым элдин көбү күнүмдүк турмуштун оордугунан бир аялын бактылуу кылуу оор болууда. Жубайлар бири Кыргыз жеринде, бири Орусияда... Анан да эркектердин көбү бир аялды башкара албай жатканда экинчи аялды кантип башкарат? Аялыңды урушсаң эле төркүнүнө таарынып кетип калуу "мода". Ата-энеси жашоосуна аралашып, кызын кайра урушуп жолго салуунун ордуна күйөө баласына опурулушат. Эки аял алган эркекти эки аял эле эмес, алардын ата-энеси кошо аралашып отуруп жеп тынат го".
"Экинчи аял алам десе мыйзамдуу болгон күндө деле "менин башымды бошотуп коюп, үйдөн чыгып кет да, каалаганыңча ала бер" демекмин. Динибизде экинчи аялды эмнеге алат: аял жесир болсо, балдарын бага албай кыйналса, ага камкордук кылуу үчүн алат. Бул мыйзам иштеген күндө да биздин эркектер аялдарга камкордук кылыш үчүн эмес, эки аялга өзүн бактыруу үчүн үйлөнмөк. Ансыз деле ошондой эмеспи".
"Айланайын кыргызым, эмнеге чындыкты мойнуңарга алгыңар келбейт. Жогорудагылар азыр эле күйөөңөр бирөөнү жетелеп келчүдөй баарына асылып кириптирсиңер да. Турмуш шарты жетиштүү, бакканга кудурети бар ар бир кыргыз мырзасын экинчи жубай алгыла демекмин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.








1 |