ЖЫЛНААМА, 14-ИЮНЬ: 89 жыл мурун латын америкалык революциячы Эрнесто Че Гевара төрөлгөн

Латын америкалык революциячы, Кубанын туңгуч Өндүрүш министри, күрөштүн символу болуп калган Эрнесто Че Геваранын көзү тирүү болгондо 89 жашка чыкмак. Ал 1928-жылы 14-июнда Аргентинанын Росарио шаарында архитектордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1952-жылы жакын досу Альберто Гранадо менен Латын Америкага саякатка барган. Алар Чили, Перу, Колумбия жана Венесуэлада болушкан. 1953-жылы Буэнос-Айрестеги Улуттук университетти аяктап, дарыгердин дипломун алган.
1953-1954-жылдары кайрадан саякатка чыгып Боливия, Перу, Эквадор, Колумбия, Панама, Сальвадор мамлекеттерине барган. Кийин Мексикага келип өз кесиби боюнча иштеп баштаган.
1955-жылы Че Гевара Фидель Кастро менен таанышып, кийин анын революциялык отрядына кошулган. Эки жылдан кийин ири колоннаны башкарган. 1959-жылы революция жеңгенде Че Гевара Кубанын жарандыгын алып, саясатка аралашкан. 1965-жылы Куба мамлекетинен чыгып, Боливияда партизандар кыймылын уюштурууга киришет.

