super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ИЮНЬ: Адам өмүрлөрүн алган атактуу согуштук куралдардын конструктору Фёдор Токарев туулган

 
Фёдор Токарев
Токарев пулемётун жакшыртуунун үстүндө.
Атактуу ТТ тапанчасы. Заманбапташкан түрү.

Советтик атуучу куралдар конструктору, ТТ пистолетинин жана МТ пулемётунун автору Фёдор Токарев 1871-жылы 14-июнда азыркы Ростов облусунда туулган. Социалисттик эмгектин баатыры, Сталин атындагы сыйлыктын лауреаты.

Ал алгачкы билимди диний мектептен алып баштаган. 1885-жылы түрдүү станокторду даярдоочу адистер билим алган окуу жайдын устаканасына темир усталык жумушка орношот. 1891-жылы дондук казактардын полкунда куралдар боюнча мастер болуп кызмат өтөгөн. Новочеркасск-казак окуу жайын аяктаган соң 1900-жылы куралдар боюнча жетекчиликте иштеп калат.

Офицерлердин аткычтар мектебинде жүргөндө Токарев автоматтардын винтовкаларынын үлгүлөрүн Мосиндин винтовкасын кайра иштеп чыгып жасайт. Артиллериялык комитеттин куралдар бөлүмү анын эмгегин баалаган. Ушундан кийин анын курал-жаракка болгон кызыгуусу артып, колго алынып, тарыхта калган согуштук куралдарды ойлоп табууга жол ачылган. Конструктор 1968-жылы 7-июнда 97 жаш курагында Москвада көз жумган.

14-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: