super.kg logo

Лондондогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн каза болгондордун саны 12ге жетти

 

14-июнда түнкүсүн Лондондогу 24 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн каза болгондордун саны 12ге жетти. Жабыркагандар 60тан ашкан, дагы 10дон ашуун адам дайынсыз болуп жатканын чет элдик басылмалар маалымдоодо.

Маалыматка ылайык, имарат 1974-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен качкындарды үй менен камсыз кылуу үчүн курулган. 120 батирлүү имарат муниципалитеттин карамагында. Өткөн жылы турак жай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, сырткы шыбагына пластикалык курулуш каражаты пайдаланылган. Жергиликтүүлөр жалын 15 мүнөттүн ичинде бүтүндөй имаратка тарап кетүүсүнө бул курулуш каражатынын бат күйгөнүн себеп кылууда.

Үйдүн жашоочулары имараттын эвакуация үчүн кошумча эшиктери жок экенин айтышкан. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча 00:54тө орун алгандыктан жашоочулар уйкуда жатып, көпчүлүгү сыртка качып чыгууга үлгүрбөй калган.

"Түтүн бүтүндөй имаратты каптады. Бирок эң жогорку кабаттагылар аны кечирээк сезишти. Алар сыртка чыгууга мүмкүн болбой калды, анткени астынкы кабат бүт өрттөнүп жаткан. Мен батирлердин терезесинен көп адамдар өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн фонарларды күйгүзүп алып жардам сурап жатканын көрдүм. Куткаруучулар үчүн да аларга жетүү кыйын болуп жатты", - дейт бул үйдүн жашоочусу Дэвид Бенджамин.

Жабыркаган жарандар Лондондогу 5 ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон үйдүн жашоочуларына жардам берүү үчүн атайын пункттар ачылып, элден жардам топтолууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: