Фракциянын жыйынына 1 айдан бери катышпай жаткан Жылдыз Мусабекова пленардык жыйынга келди

Бүгүн, 15-июнда КСДП фракциясынын жыйынына 1 айдан бери катышпай жаткан депутат Жылдыз Мусабекова пленардык жыйынга келди.
Ал Нарын облусунун бир катар районунун жарандарынын ден соолугун текшерүү үчүн дарыгерлерди жөнөтүүнү сунуштады.
“Мен Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондоруна барып келдим. Көпчүлүгү саламаттыкты сактоо маселесине токтолду. 3-4 жылдан бери “Ден соолук кербени” деген долбоор иштеп келет. Аталган райондорго дарыгерлерди жөнөтсөк жакшы болот эле”, - деди ал.
Айта кетсек, Мусабекова 1 айдан бери КСДП фракциясынын жыйынына келбей жаткан. Депутаттын журналист Үпөл Анаркулованы "10 эркекке салып берем" деп коркутуп, мазактагандыгы боюнча маселе фракцияда каралмак. Лидер Иса Өмүркулов Мусабекованын ооруп жатканын айтып келген.




анан тиги Уполу да эмне тынчып калды же акчага сатылдыбы?
2-эмнеге депутаттардын эл менен жолугушууга атайын озунчо убакыт болунгон эмес, эмнеге ким каалаган жакта журо берет иш убактысында?!!
3-эмнеге жыйынга келбеген депутаттар ордуна добуш берилет, качан ар бир депутат озу учун гана кнопка басканга жетишет, эмнеге башкалар ордуна кнопка баскандар мандатынан ажыраьылбайт?!!
4-эмнеге жыйынга 1-2 айлап келбегендер мандатынан ажыратылбайт
Башында эле айтканбыз, уй-булоолук башкаруудан кутула албай жатып эми 120сын кошо багат экенбиз да деп.
Булар болсо чогулуп алып ушакчы катындай ажылдагандан, соз талашкандан башкага жарабаса же...
Мен мисалы менден кармалган салык буларга жумшалышына караманча каршымын.