Эсептөө палатасы 2016-жылы 3051 мекемеге аудиттик текшерүү жүргүзгөнү айтылды
Былтыр Кыргыз жеринде 2 миллиард 6 миллион сом суммасында каржы тартибин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу 15-июнда парламенттин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, бул фактылар боюнча мамлекеттик казынага 1 миллиард 1 миллион сом кайтарылды.
2016-жылы Эсептөө палатасы тарабынан 3051 мекемеге аудиттик текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ичинде 2263 бюджеттик мекеме, 399 чарба жүргүзүүчү субъект, 355 жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-уюм бар. Мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары өткөн жылы 13 миллиард 2 миллион сомду түзсө, анын 1 миллиард 9 миллион сому кайра кайтарылган.
Учурда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2016-жылы аткарган иши тууралуу отчёт угулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















