super.kg logo

Митингчилердин жерди трансформациялоо маселеси парламенттин жыйынында карала турган болду

 

Бүгүн, 15-июнда депутаттар жерди трансформациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштап жатышат. Бул боюнча бүгүн эртең менен күн тартибине киргизүүнү "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов суранган.

КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев: “Кээ бир маселелер шашылыш каралат. Ал эми элге тиешелүү маселелер ар кандай шылтоо менен каралбай келет. Элди кыйнабай бул маселени тез арада чечип, чекит коюшубуз керек”, - деп айтты.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, депутат Рыскелди Момбеков бул маселени чечүү керек экенин баса белгилешти.

Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорун кароого өкмөт же Жогорку Кеңештин аппараты тоскоол жаратса, аларды жоопко тартуу зарыл экенин айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков: “Митингге чыккандар үнүңөрдү уксун деп ушул маселени көтөрүп жатасыңар. Добуш берүүгө келгенде башкача сүйлөп каласыңар”, - деген пикирин айтты.

Жыйынтыгында маселени бүгүн саат 14:00дө кароо боюнча добушка коюлуп, 71 депутат “макул” деп добуш берди.

Эске салсак, бүгүн Ак Үйдүн алдына турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзамдын Жогорку Кеңеште каралуусун талап кылган "Трансформация" элдик кыймылынын мүчөлөрү митингге чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
15.06.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким митинг кылса эле ошонун пайдасына иштей береби ЖК, анда неге С.Жапаровдун жактоочулары чогулган митингчилерге чыккан жок...

Бийлик озу жерди сатып бизнес кылып, эми ошол оздору саткан сугат жерлерди мыйзамдаштырып бергиси келип жатабы?!! Акмакчылык!!
15.06.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл жерлерди карагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: