super.kg logo
  Саясат  

АКШ: Конгрессмендерге атылган октон жабыркагандар тууралуу кенен маалымат жарыяланды

 
Джеймс Ходжкинсон

АКШда Вашингтонго жакын аймакта конгрессмендерге атылган октон жабыркагандар тууралуу кенен маалымат жарыяланды. Маалыматка ылайык, куралчан адамдын кол салуусунан 5 адам жабыркаган. Алардын арасында президент Дональд Трамптын партиялашы, АКШ конгрессинин мүчөсү Стив Скализ да бар.

Бул күнү конгресс мүчөлөрү бейсбол ойноо үчүн чогулган. Оюн үчүн даярдык жүрүп жаткан учурда спорттук аянтка ок чыгарылган. Конгрессмендердин тегерегинде 2 полиция кызматкеринен башка жан сакчылар болгон эмес. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган кылмышкер оюн аянтчасына жакын келип куралдуу кол салууга үлгүргөн. Кылмышкер ошол эле учурда кармалып, ооруканага жеткирилген соң алган жаракатынан каза болгон.

Учурда кылмышкердин ким экендиги такталды. Ал АКШнын Иллинойс штатынын тургуну 66 жаштагы Жеймс Ходжкинсон экени маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: