super.kg logo
  Саясат  

Депутат Момбеков саламаттыкты сактоо министрине: “Жогорку Кеңешке келгенде келесоо болуп калат экенсиз, башка жакта сагызгандай сайрайсыз”

 

Бүгүн, 15-июнда парламентте “Дары каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге “Жогорку Кеңешке келгенде келесоо болуп калат экенсиз, башка жакта сагызгандай сайрайсыз”, - деп айтты.

Депутат дары-дармектерди, медициналык каражаттарды жана жабдууларды улуттук валютада сатып алуу зарылдыгын белгиледи. “Дары-дармектерди каттоодо доллар менен төлөнүп жатат. Эмне үчүн сом менен төлөнбөйт? Тийиштүү комитетте мыйзам долбоору каралып жатканда улуттук валюта менен каттоодон өтсүн деген чечим киргизгенбиз. Эмне үчүн сунуш кирген эмес?” - деди ал. Ошондой эле мыйзам долбоор “чийки” экенин кошумчалады.

Батыралиев чет мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатып алуулар доллар менен төлөнө турганын, ал эми комитет сунуштаган чечим боюнча жазуу түрүндө жооп беришкенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: