super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан энелерге акча төлөө жөнүндөгү долбоор иштелип чыкты

 

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып жаткан ата-энелерге ай сайын 5000 сомдон акча төлөп туруу жөнүндөгү долбоордун жобосун иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда министрликтин маалымат кызматы SUPER.KG'ге билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө өлкөдө 18ге жашы жете элек ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 29 миңден ашык бала жашайт. Алардын 6 миңи күнүмдүк жашоодо жакындарынын 100 пайыз кам көрүүсүнө муктаж.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, негизинен апалары жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени баласы анын кароосуна муктаж. Буга байланыштуу мындай балдары бар үй-бүлөлөр турмуш-тиричиликтен бир топ кыйналат. Ушул көйгөйлөрдү эске алып балдардын апаларына ай сайын 5000 сомдун тегерегинде акча төлөө жөнүндөгү долбоордун жобосу иштелип чыкты", - деп билдирди министрликтин маалымат катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.06.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы болмок. Себеби оорулуу баланы баккан абдан эле оор.Эне физикалык жактан да моралдык жактан да абдан чарчайт.Ден соолугунан да ажырай баштайт.Себеби озун караганга убактысы, акча каражаты да жетишпейт.Бул долбоор ишке ашса коптогон энелер кубанычта болмок.Баспаган баланын массажы 1 сеансы эле 300 сом турат. А 10 кун 3000 сом. А биздин олкодо мумкунчулугу чектелген бала учун 3000 сом гана толонот.Ошондо массаж алса дарысына жетпей калат....
15.06.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул долбоор иштесе жакшы болмок. Эжемдин баласы оорулу, озу аны карап уйдо. Иштей албайт себеби дайым жанында болуш керек. Эч кимге таштай албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: