Владимир Путин: "Жакында 2-неберем төрөлдү"
Ушул тапта президент Владимир Путин түз эфирде Орусия жашоочуларынын суроолоруна жооп берүүдө. Түз эфир маалында президенттен кыздары, неберелери тууралуу сурашты. Путин адаттагыдай эле жеке жашоосу тууралуу кыска маалымат берди.
"Кыздарым Москвада эле жашап, илим менен алектенишет. Саясаттан алыс, катардагы жарандардай эле жашоо кечиришет. Албетте, неберелерим бар. Бала бакчага барат, жакында 2-неберем төрөлдү. Менде баары жакшы", - деди Путин.
Орусиянын лидери кыздарынын ысымдарын жана жашын айтуудан баш тартты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
Рейтинг:
0

Мыкты Президент, чыгаан саясатчы негизи.