Бишкекте таштанды челектердин алдында заара кылып жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү талкууга алынды
Бишкекте таштанды челектердин алдында заара кылып жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү интернеттеги социалдык тармактарга илинди. Сүрөттө номери MVD 142 B болгон кызматтык унааны да көрүүгө болот. Укук коргоо органынын бул жоругу Киев жана Гоголь көчөлөрү тарапта болгону маалымдалды. Интернет колдонуучулары милиция кызматкерин кескин сынга алышууда.
Көпчүлүгү орган кызматкерин коомдук жайда заара ушатып жатканы үчүн уяткарышкан. Анын ичинде көрүнүш Бишкекте даараткана маселеси курч экенин көрсөтүп жатканын айткандар дагы бар.
"Бул табигый нерсе экенин түшүнөм, бирок чыдаса болот да. Эмне үчүн аялдар чыдап жүрө алышат? Күндүз эркектердин жашынбай эле заара кылып жатканын көрүүгө болот. Бул уят деп эсептейм. Эгер ден соолугуна байланыштуу эле болбосо бул уят деп эсептейм", - дейт колдонуучулардын бири.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы милиция кызматкеринин бул жоругу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. "Азыр аты-жөнү тактала элек. Ким экендиги аныкталгандан кийин чара көрүлөт", - деп билдирет шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.


Ар бир адам башкалардын мээнетин сыйлаш керек, милиция тем более.
Жумушсуз калат Эми бул
Адам болгондон кийин ар бир нерсе болот милиция деле адам биз сыяктуу эле пагону эле болбосо
Биронун бир айыбын жашырсаң сенин миң айыбынды жараткан Алла жашырмак беле кайда баратабыз адамдар
Адамгерчилик деле керек да бул жерде казынаны уурдоо жонундо соз жок болгону сенин менин башыма келип калуучу жагдай тууралуу сөз болуп жатат Атамбаев менен Жеенбековтор тууралуу көрбөгөндөн кийин а деп айталбаймын
Бирдей эмес
Толоп кирбегенин каяктан билесинер? Же ажаткананын кассасында отурасынарбы?
Кыргыздар.Уят элэ эми бир причина таап алса элэ болду .Буйруса шайлоода таза отбойт.
Коркпойбу тура эмеско