Бишкекте ысык суу берүүчү түтүктөрдү текшерүү учурунда бир түтүк жарылды

Т.Айтматов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, көчөнү каптады. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Бишкек жылуулук түйүнүнүн басма сөз катчысы Канышай Дүйшөнбекова төмөнкүлөрдү билдирди.
"Ысык сууну берерден мурун атайын муздак сууну түтүктөрдөн агызып бир сыйра текшеребиз. Түтүктөрдү текшерүү учурунда бири жарылып кеткен. Бул жыл сайын жүргүзүлүп келе жаткан пландалган иш. Агып жаткан таза муздак суу, элге мурда текшерүү иштери жүргүзүлөрү тууралуу кабарланган", - дейт Дүйшөнбекова.
Андан сырткары ал учурда жылуулук түтүктөр жарылган жерде оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Фрунзе менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде канализация жарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Zynk.kg

15.06.2017. 23:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу балит экен оператордун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.