super.kg logo

Ноокен районунда 2 жыл мурун жолдошу тарабынан киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды

 

Ноокен районунда 2 жыл мурун жолдошу тарабынан киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу 15-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши 2015-жылдын январь айында болгон. 2016-жылы милицияга Ноокен районунун Достук айылынын тургуну, өзүнүн жарандык никедеги аялын уруп өлтүрүп, андан соң анын денесин көмүп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бирок Ноокен райондук ички иштер бөлүмү бул ишти карап, киши колдуу болгон аялдын жансыз денесин таба алган эмес. Мындан улам кылмыш иши токтоп калган. 2017-жылы июнь айында бул иш кошумча маалыматтар табылганына байланыштуу кылмыш иши кайра жанданган.

Киши колдуу болгон аялдын денесин издөө иштерине экскаватор тартылып, жер 5 метрге чейин тереңдикте казылган соң анын сөөгү табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал 1996-жылы Өзбекстандын Наманган облусунда туулган Минавархон аттуу кыз экени аныкталган.

Шектүү деп 1990-жылы туулган Т.Н аттуу жаран кармалды. Ал 2011-жылдан бери Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну 1996-жылы туулган Минавар деген кыз менен жарандык никеде жашап жүргөнү маалым болду. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.06.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ ушуга окшогондорду толук атын суротун да чыгарсанар супер инфо
15.06.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не кереги бар булардын вапще чыгарбагылачы мындайлар кудай сактасынго элге терс энергия топтойт
15.06.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайда оор кылмыш кылгандарды, коррупция жегичтерди атууга кетиришет, болгондода кылмышкер атууга кеткен октун акчасын бир ай иштеп таап берет. Мамлекетке зыянын тийгисбесин деп. А бизде кандай? Олтургуч болуп конуп алгандар 10 жылга жетбей чыгатда даяр оокатка конгон зек кайра кылмыш кылып атайын кирип кетет. Мамлекет 20 жыл бекер багатда
15.06.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жокерге караганда турмодогу зектер коп расход кылат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: