Депутаттар кутурма оорусуна өкмөт көңүл буруу керектигин айтышты
16-майда парламент жыйынында депутаттар өкмөттөн кутурма оорусуна көңүл буруусун суранды. Анда айтылгандай, 2011-жылы бул оору менен 79 мал ооруса, 2012-жылы 103 баш мал аталган ооруга чалдыккан. Ал эми 2013-жылдын 3 айында ичинде эле 43 мал кутурма оорусу менен катталган. Депутаттар бул оору адамга да жуга тургандыгын эскертишип, ошондуктан олуттуу түрдө мамиле кылуу керектигин белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

