super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Азербайжанда өткөн эл аралык мелдеште кыргыз мушкери чемпион болду

 

11-14-июнда Азербайжандын Баку шаарында туңгуч президент Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн бокс боюнча жаштар арасындагы эл аралык мелдеште кыргыз мушкери Рустамбек уулу Нурадин чемпион болду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, мелдеште 9 мамлекеттен спортчулар катышкан, алар: Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Иран, Орусия, Украина жана Грузия. 60 килограммга чейинки салмак чениндеги мелдеште 1-орунду Рустамбек уулу Нурадин ээлесе, 2-орунда грузиялык, 3-орунда азербайжандык менен украиналык мушкерлер жайгашты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.06.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын, алга дагы!
16.06.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы кыргыздын жигити.Мындан кийин да 1орундарды элеп жүрөбер
16.06.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец кандай гана жагымдуу жанылык!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: