super.kg logo

Өкмөт башчы Чүй облусундагы бир катар билим берүү объектилеринин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 15-июнда Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустагы бир катар билим берүү объектилеринин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектебинин абалы, Беловодск айылындагы Биринчи май орто мектебинин, Ак-Башат айылындагы С.Усубалиев атындагы орто мектебинин курулушу жана Чүй облусунун Москва районуна караштуу Бала-Айылчы айылындагы А.Жапаров атындагы орто мектептин курулушун көрдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, Беловодск айылындагы спорт мектеп 1971-жылы курулган. Акыркы 15 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мектепти оңдоого 15 миллион сом керектелет. Учурда аталган спорт мектепте спорттун 12 түрү боюнча 768 бала тарбияланат.

Сооронбай Жээнбеков спорт мектепти республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлө турган билим берүү объектилеринин тизмесине киргизүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолукканда аталган объект боюнча бардык тиешелүү маселелер чечилерине ишендирди. Премьер-министр билим берүү мекемелерин курууда ата мекендик курулуш материалдарын жана электр энергиясын үнөмдөөчү технологияны пайдалануу керектигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: