super.kg logo

Депутат Карамат Орозова "оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жатканы үчүн акы төлөсүн" дейт

 

Бүгүн, 16-июнда КСДП фракциянын жыйынында депутат Карамат Орозова оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жаткандыктан акы төлөшү керектигин айтты.

Эл өкүлү жолду курууга жана оңдоп-түзөө өтө чоӊ көлөмдөгү насыя каражаттары тартылып жаткандыгын белгиледи.

“Жол насыя каражаттарына салынгандыктан бара-бара ал өзүн акташы керек. Жолду негизинен оор жүк ташуучу автомашиналар бузууда, алар ошого тете акы төлөсүн”, - деди ал.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөткө Түндүк-Түштүк жолунда жүрүүгө акы алуу сунушу киргизилгенин билдирди. “Мурда ашыкча жүккө акы алуу чечими кабыл алынган. Бирок ал казынага жетпей, ошол жердеги кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жаткан. Азыр андан баш тартуу чечимине келдик”, - деди министр.

Фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасындагы жолдорду куруу жана оңдоо жаатындагы абал талкууланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.06.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төлөбөйбүз биздин ордубузга сен төлө. депутатар качан онолот.
16.06.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо эмнеге менен жиберген кабарды чыгарбай жатасыңар элдик кабардан?
16.06.2017. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтыптыр.
16.06.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда Орозодо депутаттарда айлыгын пазыйга томондоттушсундорда. Элден алышат,элге беришпейт тооба кылдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: