super.kg logo

Суусамырда жайыттарды каптап кеткен алтыганаларды тазалоо иши быйыл башталат

 
17-июнь Эл аралык жер кыртыштарынын чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн Пресс-конференция Сүрөт: Кенжебай Сатканалиев
Суусамыр өрөөнүндөгү жайытты каптаган алтыгана Сүрөт: Интернеттен алынды

Суусамырда жайыттарды каптап кеткен алтыганаларды тазалоо иши быйыл башталат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда эл аралык жер кыртыштарынын чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматов билдирди.

Анын айтымында, Суусамыр өрөөнүндө 495 миң гектар жайыттын 16 миң гектардан ашуун жерин жапайы алтыгана басып калган.

"Суусамыр өрөөнүндөгү алтыганаларды ошол жерге жайлоого чыккандарга, жергиликтүү элге кыркууга тыюу салынгандыктан да көбөйүп кеткен. Эми атайын жайык жердеги жайыттарды баскан алтыгананы кыркууга уруксат бергени жатабыз. Биздин адистер да быйыл барышып, 10 гектар жердин айланасын тосуп, бир нече химиялык заттар менен жок кылуунун жолун эксперимент кылып көрүшөт. Алардын эффективдүү натыйжа көрсөткөнүн тандап алып аны колдоно баштайбыз", - дейт Мырзакматов.

Андан сырткары ал алтыгананын жайык жердеги жайыттарды баскан бөлүгү жок кылынып, адырлардагы алтыганалар жер көчкүнү алдын алуу каражаты катары калтырыла турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
16.06.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суусамыр кароосуз калды эле Тынчтык Конушбаев барып арасына чуркай башташканго молодец. Тынчтык Конушбаев негиз Суусамыр учун кооп нерселерди жасап келе жатат...
16.06.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
не ал?
16.06.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Maks_shop, Алтыгана деген майда тикенектуу осумлук да негизи. Бирок ал кооп болгону бир чети жакшы себеби жердин кыртышын бекем кармап турат Кудай сактасын дечи бирок табият кырсыктары болсо ошол кооп жардам берет да негичи тамыры оло чаташкан и бекем чытырман болуп осот. Кооп болсо жер кочку журбойт и жер титироо болсо жердин алдында чаташып оскон неме жол бербейт. Ошко тиксе жакшы болот деп ойлойм
16.06.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куудулдар айтмакчы казинолорду суусамырга ачып коюш керек да.чиновниктери оздору эле шаар кылып коет суусамырды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: