super.kg logo

Кара-Суу районунун тургуну 15 жылдан бери оор дарт менен алышып келет. Анын боорун Индияда алмаштырууга каражат жетишсиз болууда

 

Көп жылдан бери оор дарт менен алышып келе жаткан Гүлзада Арынова жашоодон үмүт кылып, дарылануу аракетин көрүүдө. Учурда каражаттын жетишсиздигинен абалы күн сайын оорлошууда. Каарманыбыз учурдагы абалы туурасында SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен бул дарт менен ооруганыма 15 жыл болуптур. Башында билинбей жүргөн. Улам күчөгөн сайын кыйнала баштадым. Кыргыз дарыгерлер ооруганымда так диагноз коё алган эмес. 2013-жылы Орусияда дарыгерлерге текшерилип, алар альвеококкоз оорусу деп диагноз коюп беришти. "Бооруңда курт бар" дегенди уккандан бери дарылануунун аракетинде жүрөм. Дарыгерлер боорду алмаштыруу зарылдыгын айтышты. Биздин өлкөдөгү медициналык жабдуулардын жоктугунан боорду алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жок экен", - дейт Арынова.

Гүлзада Арынова Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. Учурда 48 жашта. 3 кыз 1 уулдун энеси. Бүгүнкү күндө дарынын күчү менен оорудан сактанып жашап жүрөт. Айына 6 миң сомдук дары сатып алууга мажбур болууда.

андын тобу бирдей, оорубаган адам гана донор боло алат экен. Мага кыздарымдын боору туура келди. Алар донор болууга макул болушту Индияда жасала турган операцияга 45 миң АКШ доллары жумшалат экен. Мындай көп суммадагы каражатты табуу кыйынчылык жаратууда. Үйүбүздү күрөөгө коюп, кармаган эки кара мал менен жеңил унаабызды сатканы жатабыз. Бирок мунун баары аз гана акча болот экен. Ошондуктан коомчулукка кайрылып жатабыз", - деп кошумчалады Арынова.

Оорусу кармап, деми кысылып ичин кучактап жыгылган күндөрүн эстеген Гүлзада Арынова дартын ойлогон сайын балдарын аяп кыйналганын айтат. Ошондой эле алгач жашоодон үмүтү үзүлүп, кийин колдоо көрсөткөн адамдарды көргөн соң ден соолугу үчүн күрөшө баштаганын белгилеп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
16.06.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айыгып кетиниз Аллах шыпаасын берсин
16.06.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эжени тааныйм
16.06.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колумдан келсе кана
16.06.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу мекендештер улуу рамазан айында соопчулук үчүн эжекебизге жардам берейли эже уул кыздарынын торундо бактылуу кундорду откорушуно кымындай болсода жардам берейли эже айыгып кетсин Аамин
maks94.kb түзөттү 2017-06-16 21:31:45
16.06.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Номерин жазып койсонор
16.06.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Гүлзада Арынованын байланыш телефону: 0778 049341, 0704 049341.
16.06.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетишин чын журогумдон тилеймин.Уул кыздарынын,неберелеринин бактына бар болсун ар дайым!
17.06.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колубуздан келген жардамды берейли туугандар. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн «Рамазан» айында сооп болот.
17.06.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул ном баланс салсам болот бекен акчасын алып алат менин акам да оррусу аламдан кетти билем бул кандай оор экенин аптасына 10минден кетчуу аябай кыйналчуубуз аз да болсо салым кошойун шыпасын берсин сизге омиииннн
17.06.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ibragim.osh2016,элсомдон которсо болот
17.06.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже Аллахым шыпаа берсин көп түкүрсө көл болот. Арабызда кайдыгер карабаган боорукер инсандар көп жашоодон үмүтүнүздү үзбөнүз.
17.06.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жакшы коргон тааныш
иним бар болчу ушундай орууга
чалдыгып
бир болугун алып салган боорунун
жакында опкосуно отуп кеткенин айткан болчу
кудайым баарына ден соолук берсин эч ким оорубасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: