Ак Үйдүн алдында күйгөн отту көтөрүп жүргөн жаран соттордун чечимине нааразы болгон үчүн ушундай кылганын айтты




Кечээ, 15-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында күйгөн отту көтөрүп жүргөн жаран эмне үчүн бул кадамга барганын айтып берди.
Ал эки таяктын учуна кийимин байлап күйгүзүп алып көтөрүп жүргөн жеринен Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери Эркин Кудайбердиев жана Мирбек Алтыкеев кармашкан. Бул туурасында алар төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Кечээ жумуш маалында борбордук аянтта от менен ойноп жүргөн адамды кармадык. Ал Сатар Тумасов аттуу Ысык-Ата районунун Тогуз-Булак айылында 1969-жылы туулган жаран экен. Биз аны кармап наркологиялык борбордон өткөргөндө мас абалында экени аныкталды. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин майда бейбаштык беренеси боюнча иш козголуп, айыбын угузуу үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып келдик".
Кармалган Сатар Тумасов бул жоругун соттордун туура эмес чыгарган чечимдерине депутаттардын көңүлүн бурдуруу үчүн жасаганын айтты. Бирок кайсы чечим боюнча экенин айткан жок.
От менен ойногон адам окуянын себебин айтты







1 |