super.kg logo

Өкмөт башчы эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен спортчуларга сыйлыктарды тапшырды

 
Айсулуу Тыныбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Тыныбекова күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, Азиянын эки жолку чемпиону жана Ислам оюндарынын жеңүүчүсү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июнда эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен ата мекендик спортчуларды өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады.

Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз спортунун даңкын чыгарууга спортчулар зор күч жумшап, спорт аркылуу Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын көтөрүп, алар жеткен жетишкендиктер кийинки муундарга, жаш спортчуларга үлгү болуп, патриоттук сезимдерге шыктандырат.

“Өзүңөргө белгилүү болгондой, акыркы жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан спортту өнүктүрүү, ошондой эле спортчуларыбызга дем берүү боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатат. Республиканын бардык аймактарында ар түрдүү спорттук аянтчалар жана объекттер салынып, ишке берилип, спортчулардын стипендияларынын көлөмү өсүүдө”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр билдиргендей, өткөн жылы ата мекендик спортчулар 528 медалга ээ болушту. Анын ичинен 127 алтын, 158 күмүш жана 243 коло медалдар. Ал белгилегендей, бул жетишкендиктер талыкпаган эмгектин жана машыгуунун жыйынтыгы.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Өкмөт өлкөнүн спортчуларына мындан ары да максималдуу колдоо көрсөтүп, спортту өнүктүрүүгө жумшалган каржылоо кеңейтилет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук мелдештердин жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиктери үчүн өзгөчөлөнгөн спортчуларга Өкмөттүк сыйлыктарды жана акчалай байгелерди ыйгарды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы 100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек менен 6 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы 2017-жылдын Азия чемпионатынын коло медалынын ээси Чыңгыз Султай да сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
16.06.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулууга эмне берди экен?
16.06.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Волейболдун тренери да сыйланыптыр жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: