super.kg logo

Күткөн энеге "мен барам, апа" деп ыйлап, кийин калпы чыккан жигитти мекендештери Кыргыз өлкөсүнө жиберишти

 

Екатеринбургда туруктуу жашаган жери жок болгондуктан токойдо күн кечирип жүргөн Кыргыз жараны мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кайрымдуулук уюмдун жетекчиси Уланбек Акматалиев билдирди.

"Шавкат аттуу жарандын паспорту жок болгондуктан Кыргыз диаспорасы ага өздүгүн аныктоочу убактылуу документ жасап берди. Уюмдун жардамы менен автобуска билет алынды. Дайынсыз болуп жаткан Замир Атамкуловду издеп, сураштырып жатабыз. Азырынча маалымат жок", - деди Акматалиев.

Мындан сырткары аталган шаардагы Кыргыз жарандары каражат чогултуп, муктаж болгон мекендештерине жардам берип келишкенин кошумчалады.

Екатеринбург-Бишкек каттамы менен келе жаткан автобустун айдоочусу да унаасында Ш.Узгенбаев келе жатканын ырастады.

Айта кетсек, 19-майда интернет айдыңына Орусияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон баласын күткөн эненин видео аркылуу кайрылуусу тараган эле.

Кийинчерээк социалдык тармактарга "мен барам, апа" деп ыйлап, кайрылуу жасаган жигиттин видеосу чыккан. Интернет колдонуучулары аны энеси издеп жаткан Замирбек Атамкулов деп болжолдошкон. Бирок ал жаран Шавкат Узгенбаев экени жана анын энеси издеп жаткан балага тиешеси жоктугу белгилүү болгон.

Ал эми бүгүн Екатеринбургдагы мекендешибиз "Замирбек Атамкулов аттуу кыргыз жигити табылып, мекенине автобус аркылуу жиберди" деп маалымат берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.06.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өзүнчө эле звезда болду го бул
16.06.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айтым эле! Ушул алдамчы болуп журбосун деп! Бул барып, карып калган Энени алдап кетмек....
16.06.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айла жок ,эмне дееринди да билбейсин.
Izdeim_seni. түзөттү 2017-06-16 20:42:27
16.06.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ортонку суротто мыйыгынан жылмайып тура ко.
16.06.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Замир Атамкулов табыла элек,аман болсо экен,Замир кыргыз эли сени колдоп алат,кабарынды билгизчи..
16.06.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул келери менен ата энесинин колуна тапшырыш керек
16.06.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ойлогон да мени апам издеп жатыптырда деп . Мында телефон интернет жок болсо баликим мени издеп жатат деп олйогондур
16.06.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул кечеги Афоняго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: