super.kg logo

“Элдик парламенттин” мүчөлөрүн 16-18 жылга эркинен ажыратуу суралды

 

Бүгүн, 16-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бекболот Талгарбековдун, Төрөбай Колубаевдин, Александр Гусевдин, Марат Султановдун жана Тойгонбек Калматовдун иши каралды. Соттук жараян жабык өттү.

Мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга 16-18 жылдан жаза мөөнөтүн сурашкандыгы белгилүү болду.

Соттолуучу Марат Султановдун иниси Руслан Султанов: “Соттук иш былтыр август айынан бери эле уланып келатат. Менин агам Марат Султанов буга чейин өзү да сот тармагында иштеген. Бишкек шаардык сотунун төрагасы, ушул эле азыр соту өтүп жаткан Биринчи Май райондук сотунда эки ирет төрага болуп иштеген. Кийин Талгарбеков аксакал “Элдик парламенттин” укуктук жагын карап бер деп чакырганынан алар менен иштешип жатып камалып калды”, - деп айтты.

Айта кетсек, 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. УКМКнын билдиришинче, булар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышууда. Аталган жарандар жана биримдиктин башка мүчөлөрүнө "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган акция уюштурууну, андан ары мыйзамсыз аракеттер менен бийликти басып алууну пландашкан" деген күнөө тагылып жатат.

Быйыл 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" башка мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Ал эми Дастан Сарыгулов "кылмышты жаап-жашыруу" боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.06.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марат Султановко жаман болуптур..
17.06.2017. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле майлуу суттуу кызматтарда иштеп келатышат, дале бийлик деп жулунбай эми иштээрибизди иштедик жаштарга оорун бошотолу дебейби. Бир эсептен озулоруно озулору кылды жулунгандын да чеги болот да бийликти ушулардын чекесине эле жазса да.
17.06.2017. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунoолуy болсо камалсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: