super.kg logo

Келечектен үмүт үзбөгөн татаал тагдырлар (фоторепортаж)

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, татаал тагдырды баштан кечирип жаткандардын саны өлкөбүздө 172 миңден ашат. Анын 29 миңдейи 18 жашка чейинкилер. Кээ бир балдар интернаттарда каралса, кыйынчылыктарга карабай баласын үйдө караган ата-энелер да жок эмес.

Бүгүн биз Чүй облусунун Москва районундагы "Ак-Ниет" реабилитациялык борборундагы өтө оор илдетке кабылып же болбосо, тубаса майып болуп төрөлгөн наристелердин абалынан кабар алдык.

Аталган борбор атайын долбоордун негизинде 2014-жылы ачылып, 20дан ашуун баланы көзөмөлүнө алып келет.

Алардын бири 7 жаштагы Каныбек Бакиров. Каныбек ымыркай кезинде шал оорусуна кабылган. Ошондон бери ата-энеси аны такай колуна көтөрүп жүрөт. Атасы Айтибек Бакиров баласын оорудан айыктыруу үчүн бир канча оорукананын эшигин каккылап, баласынын басып кетеринен үмүт үзбөй келет.

“1995-жылы Жерге-Талдан Москва районуна көчүп келип, отурукташканбыз. 2 кыз, 2 уулум бар. Каныбек эң кичүү уулум. Төрөлгөндө 3 айына чейин жакшы эле болчу. 3 айында эмдөөгө алып барып, ошол күндөн баштап күнү-түнү ыйлап туруп алды. Айла кетип, ооруканага жаттык. Тилекке каршы, балабыздын шал илдетине чалдыкканын билдик. Мына ошол күндөн бери дарыланып келебиз. 2014-жылы борбор ачылгандан тартып бул жерде массаж жасатып турабыз. Уулум ийне сайганда тырышып калчу. Азыр жакшы, ден соолугунда жылышуу бар. Үйдө өзүбүз да массаж жасаганыбыз менен бул жактагыга жетпейт. Балам өзү да бул жакка келе турганын укса сүйүнөт. Анткени балдарды көрөт, алар менен ойнойт, сүйлөшүүгө аракет кылат. Маанайы жок болсо, мукактанып сүйлөй албайт, кубанганда жакшы сүйлөйт”.

Айтибай мырзанын баласынын гана эмес, өзүнүн да оорусу тынчын алып келет. Ал мындан 5 жыл мурун ичке ичегилери ириңдеп кетип, ага операция жасалган.

“Адамда 5-6 метр ичке ичеги болсо, менде анын 30-40 сантиметри гана калган. Өзүм дагы 2-топтогу майып болуп, өкмөттөн 4700 сомдой пенсия алам. Ал эми балама 3 миң сом жөлөк пулдан башка эч нерсе берилбейт. “Ак-Ниет” аркылуу майрамдарда белектерди, жардамдарды алып турабыз. Өткөн жылы эл аралык уюмдардын бири 1 уй берди. Бул дагы жакшы. Бирок баламдын ден соолугу жакшы болуп кетсе экен деп эки көзүбүз төрт болуп отурабыз”.

Аталган борбордон алыс жайгашкандарды транспорт түйшүгү да убайымга салып келет. Өзүн Наргиза деп тааныштырган айымдын бир кыз жана бир уулу майып болуп, 3 жылдан бери ушул жерге келип турушат.

“Уулум 14, кызым 13 жашта. Экөө тең баса албайт, 3 жылдан бери алып келип турам. Балам кол эмгекке, кызым чеберчиликке үйрөндү. Бирок бизди транспорт маселеси түйшөлтөт. Экөөнү ар дайым такси менен алып жүрөм. Аларга берилген 6 миң сом жөлөк пул жана менин 7 миң сом айлыгым жетпейт. Жолдошум балдарды карап үйдө отурат”, - дейт ал.

Чуркап ойноп жүргөн кичинекей балдардын арасында өспүрүм курактагы Раяна аттуу кызды көрүүгө болот. Раянанын мээсинин өрчүүсү кеч болуп, жакшы сүйлөй албайт. Ал да аталган борборго келип дарыланып турат.

Борборду уюштурган Асел Карымшакованын айтымында, Москва районунда майып балдардын саны 400дөн ашат. Тилекке каршы, долбоорго 2 миллиондон ашык акча берилип, ага 20дай баланы гана караганга мүмкүнчүлүк бар.

“2014-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлиги реабилитациялык борбор салуу боюнча сынак жарыялап, биз утуп алганбыз. Андан кийин айыл өкмөт тарабынан ушул имарат берилип, бөлүнгөн акчага оңдоо иштерин жүргүзүп, ишке киргизгенбиз. Бирок долбоорго ылайык, 20 гана баланы жазганбыз. Дагы 15тей баланы кээде алып келишет. Райондо жалпы 2 миңдей майып болсо, анын 400дөн ашыгы 18 жашка чейинкилер. Долбоордун башында көрсөтүлгөн иштөө убактысы жакында бүтөт. Андан кийин каржыланбайт. Жаңы сынак жарыяланганда ага да катышабыз. Борбор жабылбашы керек. Ишти улантып, кызматкерлердин айлык маянасын төлөө үчүн демөөрчүлөрдү табууга аракет кылабыз”.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенконун пикиринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата мамлекеттин жардамын өзгөртүү керек.

“Бизде муктаждарга жөлөк пул берүү, абалы оор балдарды интернатка жайгаштыруу адаты кала элек. Көптөгөн энелер баласын интернаттарга берүүнү каалабайт. Бирок аны багуу үчүн иштөөгө мажбур. Эмне кылуу керек? Андай аялдардын тагдырын түшүнүп турам. Ошондуктан бул маселени чечүү жолун өзгөртүү керек. “Ак-Ниет” сыяктуу борборлорду бардык аймактарга ачуу менен жергиликтүү бийлик органдарынын бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу пландалууда”.

Бул маселе боюнча бүгүн Жогорку Кеңеште талкуу өтүп, алгач пилоттук максатта бир кичи шаарга жана 2 райондо 7 миллион сомдой акчага реабилитациялык борборлорду ачуу керек деген сунуш берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.06.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байкуштарым десе, Аллахым озу шыпаасын берсин, айыгып кеткиле(: Колумдан келсего кана эле(((:
16.06.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Админ, кечиресиз, ушул жогорудагы баласын кармап тушкон атаны тиги супер аталар сынагына кошуп койсонор болбойбу? Мен кайра кайра добуш бермекмин
16.06.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Mumu1986,туура айтасыз.
16.06.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Mumu1986,оа тура кошкула
16.06.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Mumu1986,Туура,белгилуу адамдарды эмес ушуга окшогондорду кошсонор болмок
16.06.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын,мен да добушумду бермекмин
17.06.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам баласы өз жанынан жаралган наристесин баарынан бийик коюп абайлап багып чоңойтууга аракет кылат. Бүтүн өмүр кыйналып бакса да ага милдет кылбайт. Бирок ошол көкүрөк күчүгүнүн ден-соолугунун начардыгын көрүп күн өткөрүп жаткан кээ бир ата энелердин азап чеккенин элестетүү кыйын. Баардык наристелер ден соолугу менен төрөлсө экен ылайым.
17.06.2017. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балалуу болуп ата-эне кадырын кобуроок билип отурам.Эч бир бала оорубаса экен ылайым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: