super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ошто "Кайрымдуулук" дүкөнү иштей баштады

 

Ош шаарынын мэриясына караштуу номер №4-Ак-Тилек аймактык кеңешинин Анар кичи районунда "Кайрымдуулук" дүкөнү иштей баштады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, дүкөн Ак-Тилек аймактык кеңешинин кызматкерлеринин колдоосу менен, жарандарга азык-түлүк, кийим-кече берилди. "Максат - аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү. Ар бир адамга кайрымдуулук кылууга мүмкүнчүлүк бар", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
17.06.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ма Ша Алла! Соз жок акыркы кундору кайрымдуулук кылган жараандар кобойду Аллахым сиздерден ыраазы болсун!
17.06.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң эле жакшы кабар кичине болсо да чоң жардамдай көрүнүп калат да.Анжелика ар жылы эле ресторанда той бергиче ушундайларга жардам берсең алда канча сооп алмаксын,ырчылардын кара курсагын тойгозуп жүрө бербей.
17.06.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика эле эмес андай кылган, биздин жогоруу жакта отургандар канча откорушот биз билбеген менен сауна ресторанда, баарыбызга ыйман нысап берсин Алла Таала.
17.06.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика да жардам берсе берип жаткандыр, жардам бердим десе дагы мактанды дейбиз.
17.06.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийим берсе болот бекен? Баламдын кичине келген кийимдерин? Же только жаны бериш керекби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: