super.kg logo

Биринчи вице-премьер-министр: "Ичүүчү суу менен кошо санитардык көйгөйлөр да чечилүүгө тийиш"

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 16-июнда Дүйнөлүк банктын суу секторунун башчысы Питер Хени жана Дүйнөлүк банктын суу менен камсыз кылуу жана санитария боюнча адиси Дэвид Лорд менен жолукту.

Жолугушууда Биринчи вице-премьер-министр Кыргыз мамлекети суунун запасы боюнча алдынкы мамлекеттердин катарында турганы менен, ичүүчү суу боюнча аймактарга көйгөйлөр бар экенин билдирди.

"Өзгөчө айыл жеринде ичүүчү суу көйгөйү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Аймактарда айрым суу түтүктөрү 20 жылдан бери жаңыланган эмес. Ичүүчү суу менен камсыздала турган долбоорлордо санитардык көйгөйлөрдү чечүү жагы да каралса, калктын социалдык турмушу жакшырып, алардын айыл жериндеги күнүмдүк жашоосуна жакшы шарттар түзүлмөк", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалым болгондой, 2016-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосунда аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 28 миллион доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Ичүүчү суу секторун каржылоо багытында, кошумча 2016-жылдын аягында 36 миллион доллар каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынып, бул чечим 2017-жылдын 22-июнунда Буткүл дуйнөлүк банктын директорлор кеңешинде каралып, колдоо көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Дүйнөлүк банктын суу секторунун башчысы Питер Хени долбоор башталышы гана, аны аягына чыгарууга кошумча каражаттарды бөлүү менен сапатына да өзгөчө көңүл бура турганын баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментине курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө ичүүчү суу менен кошо аймактардагы санитардык маселелер да чечилерине ишеним артарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: