ЖЫЛНААМА, 17-ИЮНЬ: Белгилүү тарыхчы Мидил Жамгырчинов 79 жыл мурун төрөлгөн

Анын атасы кыргыздын тунгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчинов болгон. Мидил Жамгырчинов Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин 1962-жылы аяктаган. 1963-жылы аспирантурага тапшырып, аны 1966-жылдын апрелинде аяктаган. Аспирантурада окуп жүргөн чагында 16-18-кылымдардагы Теңир-Тоо, Энесай жана Сибирдеги кыргыздардын тарыхына байланыштуу орус булактарынын маалыматын изилдеп, кандидаттык диссертациясын жазган. 1966-жылдын май айынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде түштүк жана батыш славяндар тарыхы боюнча лекцияларды окуй баштаган. Ал эми 1972-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1971-1975-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген.
Мидил Жамгырчинов Энесай жана Теңир-Тоо кыргыздарынын тарыхына комплекстүү изилдөө жүргүзгөн жана башкаларды да ушуга чакырган окумуштуу. Ал Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхын кыргыз тарыхынан ажыратып салууга умтулган. 1982-1984-жылдардагы идеологдорго жана цензурачыларга ачык каршы чыккан, бул жааттагы өзүнүн нааразылык катын Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ошол учурдагы жетекчилигине жазган. 16-18-кылымдарда Жунгар хандыгынын баскынчылыгы күчөп турган чакта бир катар кыргыз топтору Памирге чейин ооп кеткенин, бирок ар дайым Түндүк Кыргыз мамлекетинде кыргыз урууларынын өкүлдөрү кала бергендигин тастыктаган илимий макалалар жарыялаган.
17-июнга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.