super.kg logo

Екатеринбургдан Бишкекке келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Орусиянын чек арасынан кармалганы айтылууда

 

Екатеринбург шаарынан Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Аида Абдыкарыева Орусиянын чек арасында камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда SUPER.KG порталына Екатеринбургдагы мекендештердин кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Улан Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда келиндин 4 кызы Орусияда бөтөн бирөөнүн колунда калды. "Аида Абдыкарыева мөөнөтү бүтүп калган паспортун жаңылоо үчүн өзү туулуп өскөн Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылына келе жаткан. 16-июнь күнү саат 10:00 чамасында Орусиянын Петухово чек ара өткөрмө бекетинин кызматкерлери аны "башка адамдын паспорту менен чек араны кесип өтүүгө аракет кылды" деген негизде кармашкан", - деди Акматалиев.

"Биз 4 кызын жалгыз багып жаткан келинге жардам болсун деп жол акысын төлөп узатканбыз. Бирок документтеринен маселе жаралып чек арадан түшүрүп калыптыр. Азыр ал эмне болду, баарыбыз кабатырда кабар күтүп отурабыз", - деди ал.

Бул маалыматты Екатеринбург-Бишкек каттамы боюнча Кыргыз жарандарын ташып жүргөн, Абдыкарыеваны ташып бараткан айдоочу да SUPER.KG'ге тастыктады. “Аиданын өзүнүн документи боюнча ал 3 жыл мурун депортацияланган экен. Ошондуктан эжесинин паспорту менен кирген экен. Кайра эжесинин документи менен чыгам деп ошондон кармалып калды. Кыргыз жергесине барып, өзүнүн документин жаңылап келейин деген экен. Бирок орусиялык чек арачылар аны кармап алышты”, - деди айдоочу.

Мындан тышкары ал чек арачылар аны жүргүнчүлөрү менен 5 сааттан ашык кармап, тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, түшүнүк кат жаздырып алгандан кийин коё беришкенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
17.06.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kesilet emi
17.06.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адвокат таап суйлошуулорду жургузсо болот бекен?Биринчи очередь документке так болуш керек.А то опасный кесип ийет.
meni_kut түзөттү 2017-06-17 14:14:13
17.06.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адвокат керек кучтуурок,жардамберчулор чыгыпкалса экен,жыргаганынан тентип ботон элде иштепжургон жокда ...
17.06.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап эжесесинин поспорту менен кантип коркпой барды тоааа.
17.06.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балдарынын бактысына иши женилинен келип кутулуп кетсе экен.
17.06.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоготпостук жайыбыз барда мына ушинтип.Кармалып калсам эмне болот деп ойлобойбу десен,тообо!Кыздар эмне болот десен эми!Каап...
17.06.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кобунчо озубузден куноо кетет болок паспорт менен журе беребиз деп ойлоп кете беребиз
Izdeim_seni. түзөттү 2017-06-17 17:05:37
17.06.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыргаганынан барды дейсинерби байкуш коп оокатта. Бийлик орун талашып жатышса карапайым элди кимойлойт
18.06.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Паспорт жоголду деген кагаз жаздыртып эле кетпептир да
19.06.2017. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Birimdik5555,ошентсе болмок бирок 6000минге бутруп берет имиш Москвадагы элчилик..утеря паспортко ошончо акчаны кантип уялбай алышат??бизде бир жумушта иштеген бала,жоготтуп алып жаны келген бир аз эле иштеген бир зарплат алган аран жолкире табалбай паспорт жоготтум деп барса ошондой жооп алыптыр,ал андан коро ошол акчаны оруска берем таможныйдан деп кетти эле ксерекопиясы менен кудай жалгап суйлошуп 3мин берип отуп кетиптир алып кеткен таксист бала да жардам берген го.акча берсе чыкмак сразу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: