ЖЫЛНААМА, 18-ИЮНЬ: 115 жыл мурун Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова төрөлгөн
Мындан 115 жыл мурун, 1902-жылы 18-июнда Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова Кыргыз ССРинин Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында төрөлгөн. Сокулук районундагы “Дружба” колхозунда звено жетекчиси болуп иштеген. 1947-жылы ал башкарган звено 15 гектар жерден ар бир гектарынан 971,5 центнер кант кызылчасын жыйнап алган. Анын күжүрмөн эмгеги эске алынып, эки жолу СССР Жогорку Советинин биринчи (1937-1946-жылдары) жана үчүнчү (1950-1954-жылдары) чакырылышында депутат болуп шайланган. Кыргызстан Компартиясынын 3-съездинен тартып 12-съездине чейинки делегаты болгон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Кызылча талаасындагы үзүрлүү жана кажыбаган эмгеги Өкмөт тарабынан жогору бааланып, ал СССРдин эң бийик сыйлыктарына: Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры наамына (1948 жана 1957-жылдары), 3 Ленин орденине (1941, 1947, 1948) жана Эмгек Кызыл Туу орденине (1946) татыктуу болгон. Кыргыздын кызылчачы, баатыр кызы 1982-жылы дүйнөдөн өткөн.
Бишкек шаарындагы Эркиндик гүлбагында Зууракан Кайназаровага эстелик орнотулган. Ошондой эле Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине ысымы берилген. Ал тууралуу “Шекердин өрөөнү” деген даректүү фильм тартылган.
18-июнга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.