ОшМУда өпкө оорулары боюнча улуттук курултай өтүп жатат
Бүгүн, 16-май күнү Ош мамлекеттик университетинде Орто
Азия пульмонологдорунун катышуусу менен өпкө оорулары боюнча 6-улуттук курултайы өз ишин баштады. Иш-чараны Саламаттыкты
сактоо министрлиги, Орто Азия
пульмонологдор ассоциациясы, Ош облустук ооруканасы, Ош мамлекеттик университети жана башка эл аралык уюмдар биргелешип уюштурууда. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы
билдирди.
Автор: Дастан Үмөтбай уулу
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Европа, АКШнын алдынкы дарыгерлери, окумуштуулары катышып жаткан иш-чаранын максаты учурда актуалдуулугу жогору болуп турган өпкө жана дем алуу органдарынын оорулары менен натыйжалуу күрөшүүнүн жолдорун биргелешип табуу, тажрыйба алмашуу болуп саналат. Курултай 2 күнгө созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

