"Ош базарында" кайыр сурап отурган адам каза тапты
Бишкектеги "Ош базарында" кайыр сурап отурган адам каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалым болгондой, болжол менен 50-60 жаш курактагы адамдын кайыр сурап отурган жеринен көз жумганы боюнча маалымат милицияга 13:37де түшкөн. "Милиция окуя болгон жерге барып, кайырчынын жансыз денесин соттук-медициналык экспертизага өткөрүп берген. Учурда каза болгон адамдын өздүгүн, өлүмүнүн себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат", - дешти Ленин РИИБинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Мындан 150-200 жыл илгери кыргызда кайыр сураган адам болчу эмес, жашоодон кыйналгандарды эл колунда барын болушуп жеп, каралашып жардам берчу. Азыркы эл таш боор, ачкадан олуп жатса да карап койбой мисирейип отуп кетишет...
Жаткан жери жайлуу болсун дейли!
Башыңдан бутуңа жетип башкага да ашат. Шүгүр кылып жашаганды үйрөнөлү
эми тек гана жакшы создорду айтып жаткан жери жайлуу болсун дейли. Биздин колдон башка эчнерсе келбегенден сон.