Орусиянын чек арасынан кармалган жалгыз бой келинди күйөөсү быйыл 4 кызы менен таштап кеткени белгилүү болду
Орусиянын чек арасынан кармалган жалгыз бой келин Аида Абдыкарыеваны күйөөсү быйыл 4 кызы менен таштап кеткен. Бул тууралуу Абдыкарыеванын 64 жаштагы апасы Батма Үркүнбаева билдирди.
Анын айтымында, кызы эки жылдан бери Орусияда иштеп жүрөт. “Кызым эки жылдан бери келе элек болчу. Ооба, “кара тизмеге” түшүп калдым деп, эжесинин документин пайдаланууга мажбур болгон. Орусияга күйөөсү менен кеткен. Бирок быйыл жаңы жылдан кийин күйөөсү 4 кызы менен таштап кетип калды. Андан кийин кызым балдарын багам деп абдан кыйналды. Чет жерде документтери жакшы болбосо иштеп акча табуу деле кыйын экен. Эми өзүнүн паспортун жаңыртып, кайра барып иштейм деп келе жаткан эле”, - деди Үркүнбаева.
Аида Абдыкарыеванын эжеси Жанара Абдыкарыева аны менен 3 күндөн бери байланыша албай жатканын айтты.
“WhatsApp'ка 15-июнь күнү түн ичинде жолго чыкканда акыркы жолу кирген боюнча баш бакпаптыр. Телефону өчүк, байланыш жок. Эмне болуп жатканын билбейм. Кыздарын да бирөөгө кыска убакытка таштаган экен. Чоң кызы үчүнчү класста окуйт. Анын телефону бар, чалсам ал да апасы менен байланыша албай жатканын айтты”, - дейт Аиданын эжеси.
Жакындарынын билдирүүсүнө караганда, Аида Абдыкарыеванын эки кызы Орусиянын Екатеринбург шаарындагы мектепте окушат, кичинекей эгиз кыздары 4 жашта. 10 жылдан бери чогуу жашаган жолдошу 6 ай мурун үй-бүлөсүн таштап кеткен бойдон кабарын үзүп, жардам да бербей келгенин айтышат Аиданын жакындары.
Эске сала кетсек, Екатеринбург шаарынан Бишкекке келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Аида Абдыкарыеваны орусиялык чек арачылар кечээ, 16-июнда кармашканы айтылган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматы бул боюнча мыйзамдуу аракеттер дүйшөмбүдөн тартып көрүлөрүн билдирген.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев камакка алынган Аида Абдыкарыеванын тагдыры боюнча SUPER.KG тарабынан берилген суроолорду кабыл алганы менен азырынча жооп бере элек.


Куйоосуно капа болдум. Чырактай 4 кызды карабай басып кеткенине.
Эмнени эксен ошону оросун дегендей озунон жаралган кыздарда не куноо?
Дегеним; Балким уул керек мага деп басып кеткендир женил ойго жендирип.
Неси болсо да Аидага чыдамкайлыкты, келечектеги бактылуулукту каалайм!