super.kg logo
  Саясат  

Камактагы Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазды

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл күздө 15-октябрда өтө турган президенттик жарышка катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди.

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынан билдиришти.

“Өмүрбек Текебаев соттолгон эмес, шайлоого катышууга толук укугу бар. Анын камакка алынганына карабастан, шайлоого катышуу боюнча арызын жазды. Учурда тиешелүү документтер өткөрүлүп, БШК документтерди кабыл алганы боюнча аныктама берди. Эми мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде Текебаевди каттоо маселесин БШК чечиши керек”, - деп айтылат катчылыктын билдирүүсүндө.

Оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышары март айында айтылган. Текебаев Борбордук шайлоо комиссиясына кечээ, 17-июнь күнү арыз жазганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: