super.kg logo

Бишкекке келе жатып, Орусиянын чек арасында кармалган жалгыз бой келин бошотулду. Эми ал "кыздарыма кантип барам" деп кабатырланууда

 

Орусияда кармалган 4 балалуу жалгыз бой келин коё берилип, бүгүн Кыргыз өлкөсүнө келди. 16-июнь күнү орус чек арачылары тарабынан кармалган Аида Абдыкарыева бүгүн, 19-июнда эртең менен мекенине кирип келгенин SUPER.KG`ге өзү билдирди.

Анын айтымында, чек арачылар Абдыкарыеванын ишин сотко жиберип, 17-июнь күнү сот ага 2000 рубль өлчөмүндө административдик айып салып бошоткон. Бирок чек арачылар аны бир жылга чейин Орусиянын аймагына кире албашын айтышкан.

"Чек арачылар мени депортация кылуу үчүн бүт иш кагаздарын даярдап коюшкан экен. Бирок сот үй-бүлөлүк шартымды эске алып, 2 миӊ рубль административдик айып салып бошотту. Эми Орусия аймагында калган 4 кызыма кантип барам деп кабатыр болуп жатам. Кайра барамбы, жокпу, ушул жактан жардам бере турган адамдар болсо жакшы болмок. Чынында айып пулду да 10 күндүн ичинде төлөш керек экен. Аны төлөй албай айлам кетүүдө", - дейт Аида Абдыкарыева.

Мекендешибиз учурда турмуштун оор сыноолорун башынан өткөрүп жатканын, кыштын оор күндөрүндө 4 кызы менен таштап кеткен күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен сотко кайрылуу боюнча да ойлонуп жатканын айтат:

"Жолдошум январь айынан бери үй-бүлөсүн кароосуз таштап койду. Азыр сотко кайрылсамбы деп ойлоп жатам. Чет жерде 4 жаш баланы карап иштөө абдан оор. Чек арачылар кармаган учурда да алгач эле бирөөнүн колунда убактылуу калган кыздарымды ойлоп, абдан кыйналдым".

Эске салсак, Екатеринбург шаарынан Бишкекке келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Аида Абдыкарыеваны орусиялык чек арачылар 16-июнда кармашканы айтылган.

Ал кыздарын Екатеринбургдагы таанышына убактылуу калтырып, паспортун алмаштыруу үчүн келе жаткан. Бирок аны башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылды деген негизде кармашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
19.06.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
kuioonu sotko ber, ozun kamalyp ketpei bowongonuna wugur dep kaira barbai ele koi
19.06.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ойдодогу тугонгур депутаттар укту бекен кудай ургур тойбостор.Озгочо СДПКчы мителер.Шайлоо алдындагы убадаларын аткарбайт бул акмактар.Еана Кыргызстан партияСы за завод фабрика убада берген.Озубуздо эле иш болот эле.
19.06.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kenjebek_a, Орустардан айлансан болот. Дагы каапыр деп коебуз аларды, эгер биздин милициянын колуна тушкондо корот элем. Торт бала эмес он торт балан болсо да аяшпайт болчу. Олуп атсан да акчаны алып калышат эле. КРдеги орустарды аяйлы, биякта Россияда журуп коруп атабыз го, ыйман ынсап ушуларда. Боорукер болушат, канча жолу кубо болдум го мен.
19.06.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озундо да чон куноо бар экен да.бироонун документи менен журуу деген нарушение эмеспи.утеря.паспорт жасатып эле кетсе эч ким камап,штраф салбайт болчу.эми штраф толой албайм деп айласызданбай
19.06.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кое бергенине суйун,кесип ийсе эмне кылмак элен?
19.06.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
12 мин эмес,2 мин айып салганына суйунуп эптеп толоп кой. Кыздарынды эптеп алдырып ал жанына
19.06.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары жакшы болот 4кызынын бешенесине аман эсен болунуз. Аялдын жаны бышык болот экен. 4ту торогон азамат. Болгону эми жалган иштер мн алек болбонуз.
19.06.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман иш болуптур.Балдары Кыргызстанда болсо да билинбейт болчу.
19.06.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
2000 рубл айып пул менен эле койо бергенине ыраазы болуш керек. Башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүү кылмыш да, кесип жибергенде эмне болмок. Орустар кең пейилдигин көрсөтүптүр. 4 баланы ошол жактан окутуп, иштеп жүргөн адам 2000 ди кандай таппасын. Документ алмаштырганы, кайра кеткени деле акча керек эле да.
19.06.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tynara81,туура.
19.06.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттоп ийбей бошотконуна суйунуп эми ал жака барбай эле гой, кыздарынды алдырып ал.
19.06.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык, кыздарыма кантип барам деп суроо бербей, кыздарымды кантип кыргызстанга алдырып келем дебейби. Бироонун документин колдонгонго катуу жаза берилмек. Кудайга шугур деш керек.
19.06.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аларда мыйзам иштейт.Гумандуу чечим чыгарыптыр.Ал эми бизде баары белгилуу.Кичине эле илинчээк таап алса "сындырыш" керек деп турушат.Эптеп акча алмай.Ошол левый акчаларга кантип тамактанышат болду экен?
20.06.2017. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасын таап довереность менен алдырса болот кыздарын орусияга бир жыл киргизбей турган болсо..
20.06.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паспорттунун срогун бутушун карап, алдын алып,чара корсо болмок!Кам жебей жургон кыргызбыз да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: